Уяты жок, адамкерчилиги, адамдык сапаты жок, уят-сыйытты билбеген маскара. А Мырзакул бери карабайт, көзүн ала качат, демек, бети кара, ниети кара (Касымбеков). Бети каралар эми өздөрү качып кетишкен экен (Токобаев). Ой, бети кара о-ой, оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров).
Уяты жок, адамкерчилиги, адамдык сапаты жок, уят-сыйытты билбеген, маскара. А Мырзакул бери карабайт, көзүн ала качат, демек, бети кара, ниети кара (Касымбеков). Бети каралар эми өздөрү качып кетишкен экен (Токобаев). Ой, бети кара о-ой, оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). В.: Жүзү кара. Жүзү кара! Даана ит турбайсыңбы, нагыз тыңчы экен го... (Ашымбаев). Кара бет. Кара жолтой, кара бет болдуң, ...эшиктен үйгө кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Мени гана чанат ээ, томаяктын кызы. Кергиле кара бетти (Сыдыкбеков).
Катуу уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Ланичек эл алдында бети карарып, бир бозоруп, бир кызарып олтурду (Ашымбаев).
Катуу уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Ланичек эл алдында бети карарып, бир бозоруп, бир кызарып олтурду (Ашымбаев).